www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Табибан"* кыймылы кандай мамлекет кураары белгисиз", - деди бүгүн, 17-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, Саакашвили “талибдер муну менен токтоп калбайт, талибтердин кийинки бутасы Борбор Азия болот" деген оюн билдириптир. Анын сөзүндө негиз барбы?

- Саакашвили тажрыйбалуу, билимдүү саясатчы. Ошондуктан, аны Европа, Америка колдойт. Грузияда эң жогорку деңгээлдеги коррупцияны тазалады жана мамлекетти кыска убакытта жакшы жолго сала алды. Ошон үчүн анын айткандарына  ишенсе болот. А Талибдерге ишениш кыйын. Кандай болоорун келечек көрсөтөт. Анткени, Талибдер Америка менен сүйлөшүп, сөзүнө турган жок. Америка кетери менен баарын басып алды. 20 жылдан бери түзүлгөн элдин үмүтүн талаага кетирди. Аялдар, интеллигенциянын үмүтү таптаза кыйрады жана эски калыбына келди. Жогоруда сөз кылган укуктар жок болду. Эл качууга мажбур болуп жатат.

Кыскасы, "Талибан"* кыймылы кандай мамлекет кураары белгисиз. Элдин келечеги бүдөмүк. Баары караңгылык жолго түшүп жатат. Эми ого бетер баңгизатын сатуу, алып өтүү күчөйт. Өкүнүчтүүсү баңгизат Орто Азия аркылуу өтөт. Анткени, Афганистандын экономикасы баңгизат менен тыгыз байланышкан. Ошон үчүн экономиканы көтөрүүнүн башка жолун Талибан билбейт. Ушунун баарын эске алганда Саакашвилинин айтканында негиз бар.

- Афган трагедиясы геосаясый кызыкчылыктардын кармашыбы?

- Афган трагедиясына аралашкандар көп, бир эле Пакистан эмнени билгизет, Пакистан ядерлүү өлкө, алар өзүнүн таасирин күчөткүсү келет. Андан башка дүйнө жүзү күрөшкөн Ислам республикасын курабыз деген агрессорлор дагы Талибандарга тымызын аралашып кетишкен. Алар дагы тымызын кек сактап жүрүшөт. Ыңгайы келсе, өч алгысы келет. Ошон үчүн бул жерде геосаясат дагы бар.

-Эми башка улуттагы террордук топтор Борбор Азияга келиши мүмкүнбү?

- Эми айрым террордук уюмдар активдеше башташат. Ошон үчүн Орто Азияга келишет. Кээ бирлери өч алганга аракет кылат. Себеби Талибандарды коргоп келген, кээ бир державалар алар менен ойной баштады. Мисалы, Кытай Талибдердин бийлигин тааный турганын билдирди. Ошентип кытай ички проблемасынан аларды сүрүп чыккысы келип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости