www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Акматалиев Фейсбуктагы баракчасына республикалык штабдын брифинги сандарды эле айтып койбой кичине жандуурак өтсө, конкреттүү мисалдар болсо, жеке каармандарды учкай белгилесе, жылмайткан окуяларды деле айтса болот эле деген жакшы сунуш жазды.
“Күнүгө Республикалык штабдын брифингине күбө болуп келебиз. Так жана ачык маалыматтар, анысы бар, рахмат...
Бирок, кичине жандуурак өтсө жакшы болоор эле. Тек гана сандарды окуп коюу жетишсиз. Кичине конкреттүү мисалдар келтирилсе, момундай тенденция, кичине күлүп, маскасын чече коюп жылмайып дегендей..
Мисалы, баланча деген бейтап 5 күн температурасы түшпөй, кыйналып жатып, айыгып, кечөө үйүнө чыгардык. 5 небереси бар экен, алар чоң апасын көргөнгө аябай ыраазы деген сыяктуу. Же, түкүнчө деген ишкер баланча райондук больницага 2 аппарат ИВЛ алып берди, таазим кылабыз деген сыяктуу. Асан деген мыкты милиционер, 20 күндөн бери дежурстводо жүрөт, ошол кечеээ уулду болду дешсе кичине жандана түшөт эле деген кеп да...
Маалыматтан тышкары брифинг берип жаткандар үмүт берип турса, маанайды көтөрүп, ишенич жаратып турса жакшы болоор эле...
Туура түшүнгүлө! Бул күрөштүн жеке каармандары бар, ошолорду учкай белгилеп, жылмайууну жараткан окуялар бар, ошолорду баяндап дегендей.
Масканы чечип коюп, жагымдуу окуяны кошуп кетсе деле болот эле деп коем...”, - деп Алмазбек Акматалиев жазган.
Булак: NazarNews.kg