www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Акматалиев:

"Билим мыйзамдарына жазыш керек: мугалимге кыйкырган, кара санатайлык кылган, шылдыңдаган, каяша айткан окуучуну мугалим окутпай койгонго укугу бар деп", - деди бүгүн, 28-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Алмазбек Акматалиев.

- Сузактагы окуя, мугалимдерди да. Окуучуларды да, ата-энелерди да ойго салды. Фейзбукта мугалим менен жаакташуу - тарбиясыздык. Мугалимдин окуучуну сабаганы кылмыш дегендер да болду.  Сиз да эже, агайларыңыздан таяк жеген учурлар болду беле? 

- Мен директордун баласы болчумун. Ошого карабай тентек кылганда кичине "төпөштөп" коюшчу мугалимдер. Бир жолу атама уруп койду деп даттанып барсам: туура кылат, көчүгүңдү кысып, мугалимди сыйлап, тентек кылбай жөн оку деп койгон! 

Сузактагы уруш боюнча: биринчи себеби балдардын телефон чукулап, сабакка көңүл бурбай койгону экен. Министрдин буйругу менен жаңы окуу жылынан баштап мектептерге телефон колдонгонду токтотуш керек! 

Экинчиден: мугалимдерге эмоциясын башкаруу, конфликти башкаруу жана болтурбоо, этика сыяктуу темаларда тренинг өткөзүш керек! Балдарды урган бул мугалимдин алсыздыгы!

Үчүнчүдөн: окуучулар мугалимди сыйлаш керек! Кандай болгон күнү да. Себеби: мугалим жалгыз, класста болсо 30-40~окуучу бар.

Ал сыйды эне аталар менен кошо калыптандырыш абзел. Билим мыйзамдарына жазыш керек: мугалимге кыйкырган, кара санатайлык кылган, шылдыңдаган, каяша айткан окуучуну мугалим окутпай койгонго укугу бар деп!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости