www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат ажы «бир туугандар куда болсо болот» деп, кыргызды жек-жаатынан ажыратты. Мындай пикирин Ормон Бек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Сенин бир тууганың сага куда болуусун каалайсыңбы?

Араптарда каяктагы куда-сөөк, жек-жаат, ага-инилери кыз алып кыз беришип жатса. Агаңардын кызын балаң алса, атаң сага же кайната эмес, же куда эмес?!

Өлүк көмгөндө араптарда жек жаат деген болбойт, ошентип туугандары өлсө беш-алты киши чогулуп, көр казгандарга акча төлөп, эч кандай жыт чыгарбай, өкүрбөй, ыйлабай, билдирбей эле көөмүп коюшат. Аларда каяктагы куда-сөөк, каяктагы жек жаат?!

А бизде алты балаң болсо, алтыдан он эки куда кудагый, таяке-жээн, бөлө, ата-журт болуп бери дегенде 120 киши болот.

Ошондой жаманчылыкта кошумчалар кошулуп, үстүнө бар аз акча менен проблема чечилип кетип жатпайбы.

Максат ажы «бир туугандар куда болсо болот» деп, кыргызды жек-жаатынан ажыратып, ал аз келгенсип генин бузуп, акыл эси жарты, кем акыл, мунжу кыргыз улутуна кеңири жол ачып берип жатпайбы!?

Максат ажы бир туугандар куда болсо болот деп оозу-мурду кыйшайбай айтканда, жети миллион кыргыздын ичинен бир аксакалы тура калып, «ой Максат, эмне деп былжырап жатасың!? Токтот сөзүңдү! Сен жалпы бүтүндөй калайык калкка каршы чыгып жатасың! Каерде кыргыздар бир туугандар кыз алып, кыз беришчү эле, алса араптар алып жаткан чыгар, ата-бабадан келе жаткан салтты бузуп, журт бузар болбо», деп айта алган жок. Мына биздин трагедиябыз!» - деп жазган Ормон Бек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости