www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партия бул чоң жана кирешелүү бизнеске айланды. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты.  

--"Биринчи 5 жана 10дук үчүн ачыктан ачык эле олчойгон акча беришип, депутаттык мандатты сатып алуу көнүмүш жөрөлгө болуп калды эле. Акыры бир чоң чыр чыкмак бул боюнча! Акчасын берип коюп, 2-3 жыл депутатта да болбой, башка жумуш да ала албай, партиянын кожоюндарын коркутуп-үркүтүп жүргөнү канча болду.

Тилекке каршы, партиялык жабык система ушундай "уродливый" системага өтүп калганын барыбыз эле баамдап келдик. Мындай система чылкый эле партиялык коррупция экенин көргөнбүз. Парламентаризмге акыркы жаназасын окулганы да ушундай ыплас иштерге байланыштуу. Партия бул чоң жана кирешелүү бизнеске айланган. Тилекке каршы эми мындай иштер четинен чыга берет.

Жаңы Конституция кабыл алуусу менен ушундай системага кандайдыр бир деңгээлде чекит коюлду", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости