www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы кабарланды.

Вашингтондогу балдарды кабыл алган эки оорукана респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Washington Post жазды.

Дарыгерлердин айтымында, инфекция көбүнчө дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана мурундун бүтүшү менен коштолот. Ал айрым учурда дем алуунун кыйындашына, бронхиалит оорусуна, тагыраагы, кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жерин сыртынан эмес ичинен жабыркатат.

Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы да белгиленди.

Дарыгерлер RSV вирусунун өсүшүнө COVID-19 пандемиясы таасир эткенин айтышкан. Өткөн кышта массалык иш-чараларга тыюу салынганына байланыштуу респиратордук-синцитиалдык вирус менен сезондук сасык тумоо өтө аз катталганын да билдиришкен. Анткен менен айрым чаралар жумшартылгандан кийин марттан бери дельта-штаммы менен эле жарыш өскөн.

АКШнын борборунда жайгашкан Балдардын улуттук госпиталынын статистикасы боюнча, жандандыруу бөлүмүндө RSV чакырган бронхиолит менен ооругандар коронавируска караганда эки эсе көп.

Өз кезегинде педиатр Дэн Финкельштейн ата-энелерди аталган вирус менен коронавирус инфекциясынын байланышы тынчсыздандырып жатканын айтат. Медиктин айтымында, RSV мурдагыдай коркунучтуу эмес, ак халатчандар эми экөөнү тең дарылоону колго алмакчы.

Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бир жашка чейинки балдар көбүнчө RSV вирусунан пневмония болот. Инфекция өпкөгө терең киргенде бейтаптардын дем алуусу кыйындайт, бул учурда ооруканага жаткырып, кычкылтек бет кабын тагып жүрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости