www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстанда, өзгөчө Панжшер капчыгайында кырдаал өтө оор абалда. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) лидерлеринин саммитин ачып жатып билдирди.
Душанбедеги «Кохи Навруз» комплексинде өтүп жаткан жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан президенттери, Пакистандын премьер-министри, Орусиянын ТИМ башчысы, ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн – Беларус менен Ирандын жетекчилери катышууда.
Орусия, Кытай, Монголия президенттери жана Индиянын премьер-министри Душанбе саммитине онлайн режимде катышууда.
Эмомали Рахмон «Талибан» кыймылы Ооганстанда чексиз бийликти орнотууга ниеттенип жатканын айтты. Күн мурун ЖККУнун жыйынында Тажикстан башчысы талибдер инклюзивдүү өкмөт түзүүгө убада бергенине карабай, шариаттын орто кылымдагы катаал мыйзамдарына негизделген ислам эмиратын курууну жарыялаганын белгилеген.
Рахмондун айтымында, талибдер Панжшерге бара турган жолду толугу менен бууп таштаган. Буга байланыштуу азык-түлүк ташууга мүмкүн болбой, аймакта гуманитардык кризис башталды.
Тажикстандын президенти БУУ, Кызыл Чырым жана башка эл аралык уюмдарга кайрылып, аларды ооган элине жардам берүүгө үндөдү.
Ал Ооганстандагы мамлекеттик түзүм бардык жарандардын эркиндигин жана пикирин эске алуу менен аныкталышы керек экенин да белгиледи.
Эске салсак, 16-сентябрда Душанбеде ЖККУнун жыйыны өтүп, катышуучулар чөлкөмдөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдиришкен. Бирок конкреттүү чечим кабыл алынган эмес.
Булак: NazarNews.kg