www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 2020-жылда өтө турган шайлоо тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Шайлоо жылдырылсын деген ураандар көбөйдү... Бир карасаң, өтө жүйөлүүдөй көрүнөт... Кишилер ооруп атса, чыгымдар көбөйүп атса, кайдагы шайлоо.

Бирок, таяктын эки учу бар да...

Биринчиден: шайлоону которуу үчүн Кыргызстандын бүтүн аймактарында өзгөчө абал (чрезвычайное положение) кирип туруш керек. Башка мыйзамдык себеп жок экен...

Экинчиден: шайлоо өтпөй калса Ковидди жеңебизби?

Үчүнчүдөн: мүмкүн тескерисинче жаңы Жогорку Кеңеш келип, анын артынан жаңы Өкмөт келип, кичине эл да бир жаңсыл болуп, каалаган жаңы депутаттарын шайлап алсак саясий - коомдук абал оң жагына ооп, керектүү медицинадагы реформалар тездеп кетеер? Өзүбүз айтып жатабыз го: эскилерден тажадык, кетсин деп...

Төртүнчүдөн: Президент так жана кесе айтты: кайсы партиялар жеңип келсе, ошолор менен иштей берем деп. Бул да шайлоо калыс өтөөрүнө кепилдик берет деп ойлойм. Баары шайлоочунун, элдин колунда..

Бешинчиден: эл аралык практика деле көрсөтүп жатат, карантиндин убагында бүт санитардык талаптарды сактоо менен шайлоолорду өткөрсө болот. Мисалы, жакында эле Түштүк Корея президентик шайлоосун, Таджикистан парламенттик шайлоосун өткөзүштү... Мындай мисалдар көп эле...

Алтынчыдан: биздин мыйзамдар боюнча Президент мамлекет башчысы катары ЖКга кезектеги шайлоонун мөөнөтүн аныктап, шайлоону жарыялаш милдеттүү! Жарыялабай койсо деле, мөөнөтү аныкталды деп эсептелинип, БШК өз ишин башташ керек...

Кыскасы, шайлоону өткөрбөй, жылдырып койгондон көрө, белди бууп, так өзгөчө талаптарды аныктап, өткөргөнүбүз туура болгону турат! Бул мыйзамга да төп келет...", - деп жазган Алмазбек Акматалиев.

Эске сала кетсек, үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Азыркы тапта Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүүдө. Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости