www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебресиус 13-июлда жасаган билдирүүсүндө көп мамлекеттер тазалык эрежелердин зарылдыгын этибарга албагандыктан, кырдаал жакында оңолбостугун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, милдеттүү түрдө сакталыш керек деген эрежелердин катарына беткап тагынуу, колду жууп туруу жана социалдык аралыкты сактоо кирет.

"Булар сакталбаса, жакынкы аралыкта жашоо мурдагы калыбына келбейт"-деди ал.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 13 миллиондон ашты, жарым миллионго жакын адам көз жумду.

Инфекциянын жайылышы боюнча АКШ, Бразилия, Индия алдыда. Индияда соңку бир сутка ичинде беш жүздөн көп киши көз жумду. Жалпысынан COVID-19 бул мамлекетте 24 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Пандемия алгач тутанган Кытайда ушул тапта коронавирус жугузуп алган үч жүздөй адам каттоодо турат. Үч киши сырттан жуктуруп келгени маалым болду. Кошмо Штаттар Кытайды башынан эле коронавируска кабылгандардын санын азайтып көрсөтүп, пандемиянын масштабы канчалык чоң экенин жашырган деп айыптап келет.

12-июлда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эки эксперти коронавирустун жайылышын иликтөө үчүн Кытайдын Ухань шаарына барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости