www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоолордо эң негизги көйгөй бул добуш сатып алуу. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты.  

--"Шайлоолордо эң негизги көйгөй бул добуш сатып алуу. Практика нечен жолу көрсөткөн. Калган мыйзам бузуулар деле бардыр, бирок добуш сатып алуу жана сатуу бул негизги проблема экени шексиз.

Чынын айтканда, көп кырдуу көйгөй. Сатып алууну колунан кармап алуу да оңойго турбайт. Ал процесс купуя жасалаарын баарыбыз билебиз.

Добуш сатып алууга каршы кандай реалдуу жолдор бар? Кандай ыкмалар бар? Эмне кылыш керек?

Жөн эле баарыбыз "бул уят, келечегиңди сатпа, соттолуп кетесиң, акча бергенди эмес, келечекти камсыз кылгандарды шайлайлы, билимдүү жаштарды шайлайлы, олигархтарды, базаркомдорду эмес" деген жалындуу сөздөрдү айткан менен, маселе чечилбей келет. Же бул процесс менен күрөшүү майнап бербейт деп, баары эле сатып алып жатат го деп моюнду куушуруп, кол шилтейлиби? Конкреттүү кадамдар кайсы: укук коргоо органдардыкы, шайлоо комиссия мүчөлөрүнүкү, жарандык активисттердики, бийлик өкүлдөрүнүкү?

Же, коркконго кош көрүнөт дегендей, добуш сатып алууну өтө эле көптүрүп жатабызбы? Мүмкүн, бул көрүнүш өтө кенен тараган жоктур? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости