www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ташиевдин тажиктерден жардам сурабайбыз деген сөзү туура”, - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев.
--“Камчыбек Ташиевдин "тажиктерден жардам сурабайбыз, өзүбүз жабыр тарткандарга жардам беребиз" деген сөзү туура.
Биринчиден өз элине мындайда Кыргыз Өкмөтү көмөк көрсөтпөгөндө, качан көрсөтөт? Бул ал Өкмөттүн милдети. Жабыркаган жарандар “тажиктер качан жардам берет, үйүмдү качан салып берет?” деп күтүп отура албайт. Жашоо уланыш керек. Эртең эле балдар мектепке барыш керек, кыш келет. Экинчиден Кыргызстан тарабы чыгымды төлөп бер деп тажиктерди мажбурлаш керекпи? Албетте, талапты коюп, мажбурлаш керек. Кандай жол менен? Баш Прокуратура тажик аскерлерине каршы ондогон кылмыш иштерин ачты, аларды “аскер баскынчы” деп таап, тергөөнү жүргүзө баштады. Бир топ жарандык активисттер тажик бийлигин эл аралык сотко берүү процессин баштады.
Жүздөгөн кыргыз жарандары сүрөт, видео жана аудио далилдерди чогултуп, документтештирип, чет тилдерине которуп, эл аралык уюмдарды, коомчулукту, демократиялык мамлекеттердин лидерлерин маалымдай башташты. Чет өлкөдөгү кыргыздар бир топ митинг акцияларына чыгышты. Тажикстан бул жоопкерчиликтен качып кутула албайт дегенди ишенимдүү билдирет”, - дейт Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg