www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 6-майда кыргыз-тажик чек арасынан жабыр тарткан Лейлек районунун Кулунду айылынын жарандары менен жолугушкан. Анда жолугушууга эркин журналисттер, көз карандысыз ММКлар киргизилген жок.

Эске сала кетсек, өкмөт башчыга курулушу пландалып жаткан Ворух жолу боюнча суроо берген тургундарды «чагымчылдар» - деп атаган. Ошондой эле бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек да өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу маалымат берген.

Суроо берген балдар боюнча интернет колдонуучулар ар кандай ой-пикирлерди жазып, коомчулук арасында чоң талкуу жаратты.

Ал эми суроо узаткан балдардын бири Садырбек "Протокол боюнча суроолор берилбей, жалаң эле мактоо угуп жаткан президентке чыныгы чек ара көйгөйүн козгогон суроо берсем, мени алар "провокатор, ата-энеңден тарбия көргөнсүңбү дешти" деп журналист Али Токтакунов менен болгон маегинде окуя тууралуу айтып берди.

Булак: NazarNews

Последние новости