www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажиктер эгемен Кыргызстандын аймагына атайын даярдалган агрессиясы болду”, - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев.
--“Бул жөн гана чек арадагы конфликт эмес. Бул коңшу өлкөнүн эгемен Кыргызстандын аймагына атайын даярдалган агрессиясы болду. Жайкын тургун өз үйүндө курман болду. Анын ичинде 12 жашар Мадина бар! 200гө жакын адам жарадар болуп калды. Кыргызстандын жашоочуларынын жүздөн ашык үйү, башка кыймылсыз мүлкү өрттөлдү. Агрессорлор миномётторду, БТР жана согуштук авиацияны колдонду. Карапайым жашоочулар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн фактылар үрөй учурат, алардын денелерин үстү-үстүнө үйүп, чуңкурга ыргытышкан.
Мунун баарына далил болчу видео жана сүрөттөр бар! Болгон окуя эл аралык коомчулукка так ушундай айтылып жеткирилиши керек”, - дейт Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg