www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

(Уландысы)

Тунгуч качкын президент Акаевдин «Автор Твга» берген маегиндеги калпы менен кылмыштары

Акаев журналисттин үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндө берген суроосуна жооп берип жатып, кызы Бермет чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүрүп эле, атасы президентке мамлекеттик иштерде кандай жардам бергенин, уулу Айдар болгону Каржы Министринин кеңешчиси болуп туруп эле, ал өзү айткандай «мамлекеттин визиттик карточкасына» айланып, миллиондогон суммадагы кредиттердин тагдырын чечип, «мамлекетке эбегейсиз жардам бергенин» өзү мактануу менен айтып салды.

Мунун өзү ал танып жаткан үй-бүлөлүк башкаруунун далилдери болот. Болгону 2005-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо чет өлкөдө жашап иштеп жүргөн кызы Бермет шайлоого катышканга «укуктуу болуп», ошол эле учурда өмүр бою Кыргызстанда жашап, болгону ар кайсы өлкөлөрдө элчи болуп иштешкен. М. Шеримкулов, Р. Отунбаева, М.Абылов, У.Сыдыковдор «акыркы беш жылда Кыргызстанда жашабаган» болуп шайлоого катыштырылбай, Отунбаеванын ордуна кызы Бермет кантип депутат болгонун, Акаевдик үй-бүлөлүк Алга Кыргызстан, Адилет партиялары үчүн канча акча каражаттары кимдерден ким аркылуу чогултулганын, 2005-ж. 22-мартында БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий чыгара электе Акаевдик үй-бүлөлүк партиялардан өткөн депутаттар чогулушуп, Акаева Берметтин төрагалыгында иш баштап, бирок 24-мартта кечинде, элдик ынкылабдын таасири менен Жогорку Сот ал шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапканын адилеттүүлүк үчүн кошуп койсо болмок.

Ал эми уулу Айдар бүтүндөй фискалдык органдарды, бажыны тейлеп, кадрды өзү чечип жүргөнүн ошондо «кеңешчи Айдардан» шакирти болуп жүргөн Максим кийин устатынан шакирти өтөт» болуп, кенен масштабдагы ЦААРИни түзгөнүн илимпоз Акаев толук айтпады. Аялы Майрам бүтүндөй Кыргызстан боюнча мамлекеттин акчасына «Мээрим» менчик ЖЧКсы аркылуу ондогон объектилерди менчиктегени боюнча маалыматтар 2005-жылы март ыңкылабынан кийин козголгон 28 кылмыш иштерде сакталуу.

Мисалы, Аксы районундагы эки этаждуу имаратты, Падыша-Ата токойчулугундагы эс алуу үйдү жүздөгөн миң акчаларга токой чарбасына капремонттон өткөрүп, анан гана өткөрүп алганы, мындан башка «Мээрим» фондусуна которулган мыйзамсыз миллиондогон акчалар, ондогон объектилер кайра мамлекетке 2005- жылдын март ыңкылабынан кийин кайтарылганы боюнча да толук материалдар кылмыш иштерде тиркелүү. Кадр маселесин Майрам Дүйшеновна эле эмес, анын сиңдилерине чейин чечип жүргөнүн бир эле Болжурова эмес, Акаевдин өзүнүн ондогон демократ шакирттери деле өз китептерине чейин алда качан тарых кылып жазып коюшканын Акаев унутса керек.

Акаев Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндөгү «үйү менен китепканасы» боюнча, үй жайынан айрылган «бечарадай, адамдын боорун ачытып» кеп салды. Бирок ал китепкана үчүн өзү канча акча жумшаганын айткан жок. Тергөөдө үй менен китепкана үчүн Республикалык бюджеттен жана Мэриянын бюджетинен жалпы 119 млн 541 миң сом акчасы кеткени аныкталган. Ал объектилер революциялар аралыгында Бакиев Максим тарабынан пайдаланып жүргөндүктөн, 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин улутташтырылып, азыр Айтматов атындагы Манас академиясына берилген.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров

(Уландысы бар...)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости