www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Центерра" менен айыгышкан чабыш болгону калды. Мындай пикирди коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев социалдык баракчасы аркылуу билдирди. 

--"Центерра менен айыгышкан чабыш болгону калды! Бул иштек Өмөткө ийгилик каалайлы!

Анан дагы биздин болочок кыймыл аракеттерибизди, Өкмөт эмнеге таянганы жатат, сотто кандай тактиканы жана стратегияны тандайт деген маселени кичине жашыруун кармаш керек! Баарын эле жалжайтып ачып, алдын ала жарыялап койгон болботй. Жогорку Кеңеш да мындан ары бул маселени караса, жабык режимде караш керек. Алдыда сот, туугандар! Сот деген бул кыйкырык-айкырык менен жеңчү жер эмес.  Ал жерде өзгөчө тактика-стратегия керек, кээ бир далилдер эң аягында чыгыш керек, айрым маалыматты эч ким билбей турганы оң.

Өкмөттүк комиссия өз элинен күчтүү колдоону сезип турушу зарыл. Ошондо гана ийгилик келет. Өзүбүздү өзүбүз мыскылдап, тээжиктенип турсак, анда эч качан "Центерраны" ута албайбыз", - дейт Акматалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости