www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр кылмыштуу жол менен максаттарына жетип көнүп калышкан», - деди бүгүн, 14-майда NazarNews малымат агенттигине мурдагы элчи Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан мырза, Бабановдун, Сапар Исаковдун Атамбаевдин кумтөрдө үлүшү болгон деген маалыматка ишенсек болобу?
- Өздөрүнө тиешелүү каражатты алып жүрүшкөн үчүн
Кыргызстан ала турган каражатты көбөйтүүгө аракет кылышкан жок да. Ошон үчүн экологиянын кыйрашына да көз жумушкан окшойт. Негизи шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабай.
- Эми Кумтөр сот чегерген сумманы төлөбөй коюу үчүн аракет кылабы же төлөп берип, маселени тынчтык жолу менен чечкенге дилгирленеби?
- Төлөбөөгө аракет кылып, койгон күнөөнү мойнуна албаш үчүн «2009-жылы, 2017-жылы жана 2019-жылы кыргыз өкмөтү бизди коргой турганын айтып ант берип, кол коюп берген. Силер, кыргыз өкмөтү ошону буздуңар» деп жатышат окшойт.
Анткени, булар кылмыштуу жол менен максаттарына жетип көнүп калышкан. Ошон үчүн бийликти сатып алганга, сотторду, күчтүү адвокаттарды колдонгонго аракет кылышат. Биз алар менен күрөшүүдө туура жолду тандадык. Бүт дүйнө жүзү экологияны коргогонго мажбур болуп жатат. Ошон үчүн экологияга келтирген зыянын, табийгатка жасашкан кыянатчылыгы үчүн да жооп бериши керек.
- Бирок, Канада менен улуу Британиянын элчилери тынчсызданып жатышканын билдиришиптир го?
- Алар Кыргызстанды ойлоп кыжаалат болуп жатабыз дешкени менен экологияга келтирген чыгымды төлөтүшүбүз керек. Инвестор дегенди бетке кармабай бардык инвесторлорго экологияны бузбоого чакырышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg