www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атбашы жөнүндө бир учкай кеп, логистикалык борбор боюнча дагы кошумча жеке ойум. Ай замандаштар! Бийликтегилер, саясатчылар, соодагерлер, бандиттер, карапайымдар баарыңар угуп алгыла, күнүмдүк кара курсакты тойгузабыз дегендер чоң жаңыласыңар кытайга жарым кылымга Атбашыдан жер берем дегениңерди келечек кечирбейт.

Ал ырыскы эмес, ал кырсык, ал жердин элинин эң биринчи ырыскысы ажайып жаратылышы, эч бир башка улуттун аралашмасы жок нукура кыргыз наркын сактаган ( салтты, тилди) Теңир-Тоо өзү сактаган эли болот. Атбашы деген Орто Азиядагы эбегейсиз ажайып шарты бар эң бай жайлоо болуп эсептелинет, андай жер деген өзгөчө коргоого муктаж, терең ойлонуп көрсөңөр кара курсакты тойгузуп, жыртык кийимди бүтөгөндөн алда канча бийик жана түбөлүктүү байлык бар, ал деген Атбашы жери жана анда жашаган кытайы жок, кыргыз эли болуп саналат.

Биз күн сайын улуттук баркыбызды жоготуп бара жаткан мезгилде жашап жатабыз, аны сактап калуу мүмкүн болбой барат. Эми кытай салуучу соода борбору жөнүндө айтсам, жарым кылым ичинде Атбашы кытай анклавына айланат, ал тигил 200 гектардан ашык жерден тышкары, тегерегиндеги айылдарга күйөө бала болуп, алар жээндер аркылуу саясатын жүргүзүшөт, бир кезде Гун доорунда дагы ошондой саясат кылышканы тарыхта бар ( гундардын кыздарын туткунга алышып, андан төрөлгөн балдарды, кайра гундарга каршы мыкты жоокер даярдашкан) Биздин ыйык философия бул Манас, кытайга жер берүү - биз жеңилдик деген кеп.

Эми мындай терең мазмунда айтайын дегенимди сөз менен жеткире алчудай эмесмин, айтылбай калганын өзүңөр баамдап алгыла. Мен саясатчы эмесмин, бирок коомдо болуп жаткан акты карадан ажырата билүүгө акылым жетет,-деп өз оюн билдирген Алмазбек Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости