www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  кечээ, 13-июнда  өлкөнүн баш прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  өлкөбүздүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоонун алкагында надзордук органга өткөрүлүп берилип жаткан милдеттер   - кылмыштарды каттоону жүргүзүү, кылмыш-укуктук статистиканы калыптандыруу, анализдөө, чараларды иштеп чыгуу жана өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалын  прогноздоо боюнча жүргүзүлүп  жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Индира Жолдубаева ошондой эле мамлекеттик бийлик   жана башкаруу органдарындагы  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан  чаралар, ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишмердик жөнүндө  маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев   мамлекеттин алдында турган бардык чөйрөдөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мыйзамдын артыкчылыгын жана мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  көзөмөлдөөчү орган  укук коргоо органдарынын ишмердигин мындан ары өркүндөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүш үчүн кылмыштарды каттоонун жана анализдөөнүн системасынын иши сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости