www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин криминалдык рейдерлик бийлигинин тушунда саясый, моралдык жана материалдык жактан эң көп жапа чеккен, Бишкектин тарыхындагы эң мыкты мэр Нариман Түлеев болгон. Ал болуп көрбөгөндөй эмгекчилдиги менен айрымаланган, эртең мененки 7ден кечки саат 10го чейин иштеген. Ал шаарды тез эле тартипке салып, элдин оозуна алына баштаган, анын мындай демилгелүүлүгү, энергиясы, албетте, АША сыяктуу жатып ичерлерди чочутуп, ичин да күйгүзгөн. Айтымда, экөөсүнүн элдешкис каршы позицияда болуп калууларына чоң суммадагы акча себеп болгон, АША андан чоң акча карызга алып, анан президент болгондон кийин “эми кечип жибергин” дегендей ишарат кылса, Н.Түлеев көнбөй коюп, ага ачуусу келген АША Н.Түлеевди биротоло жок кылууну чечет. Анын андай буйрутмасын дилгирлик менен экстаздык абалда аткарган ошол убактагы Башкы прокурор А.Салянова болгондугу белгилүү. Бир кылмыш иш менен айыпталып жаткан Н.Түлеев сотто акталып чыкса, анын ошол күнү башка кылмыш ишин козготуп, камакка алдыргандыгын, “автобустарды кымбатка саттырып алган” деген кылмыш иши толук далилденбегендигин, АШАнын талабынан улам Кытайдан автобустар боюнча келген документтердин айрымдары соттук кароодо эске алынбагандыгын жакшы билебиз.( Мында эске сала кетчү нерсе, убагында Н.Түлеев автобустарды 32 миң доллардан алса, азыркы мэр 140 доллардан алдырганы жатат). Анан соттук чечимде конфискация жөнүндө айтылбагандыгына карабастан Н.Түлеевге, анын апасына, атасына,кызына тийиштүү эки соода борбору, эки чоң административдик имарат, онго жакын квартира мамлекеттин пайдасына тартылып алынган. Укуктук жактан ал эч кандай мыйзамдуулукка ылайык келбеген кыргыздын илгерки көпкөн байларынын, манаптарынын ит жоруктарындай эле кыпкызыл көтөн зордук болгон.
Дүйнөдөгү эң оор кылмыштардын бири - бирөөнүн мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алуу. Ага эч качан эскирүү мөөнөтү таркатылбайт. Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдө 1944-1946-жылдары экспроприацияланган мүлктөр, жерлер 1991-1994-жылдары мыйзамдуу ээлерине, көздөрү өтүп кеткендеринин мураскорлоруна кайтарылып берилген. АШАнын криминалдык рейдерлик башкаруусунун убагында саясый жактан куугунтукталып, мамлекеттик машинанын ырайымсыз прессингдерине туш болуп, психологиялык, моралдык жактан гана эмес, материалдык жактан да оор жоготууларга учурагандардын иштери кайра каралып, алардан мыйзамсыз тартылып алынгандар ээлерине кайра кайтарылып берүүлөрү зарыл. Ошондо гана эл чыныгы адилеттүүлүк, калыстык орной баштагандыгына ишенет.
Н.Түлеевге каршы ырайымсыз зомбулуктун кантип ишке ашырылгандыгы жөнүндө Нарындык аксакал Салыбек Чөлүев жакшы билет. Анын айтымында, Н.Түлеевге ырайым кылдыруу үчүн Чыныбай Турсунбеков Алмаз Атамбаевге бир күндө жети жолу кирип чыгыптыр. Жетинчи жолу киргенде АШАнын “шаардык соттон кийин менден кечирим сураса, чыгарттырып жиберемин” деген убадасын алып чыгат. Мына ушундан эле азыр адалсынып жаткан АШАнын сотторду прокурорлоруна кошуп, Ак үйдөн башкаргандыгы, судьялар ал буйрутма бергендей гана чечим чыгарышкандыгы көрүнүп турбайбы. Эгерде ал соттук чечимдерди көзөмөлдөбөсө, эмне үчүн Ч.Турсунбеков биринчи киргенде эле; «мен соттордун иштерине кийлигишпейм, бардыгы мыйзамга ылайык болот” деп кесе айтпайт.
Биздин оюбузча, Н.Түлеевдин АШАдан кат жүзүндө кечирим сурагандыгы, сурабагандыгы маанилүү деле эмес. Башына кара күн түшүп, куугунтукттун кесепетеринен улам айрым жакындарынан айрылып, калгандарынын тагдырларынан жаны кайышып турган неме адамга окшош деп АШАдан гана эмес, мүйүздүү шайтандан деле кечирим суроого аргасыз болмок. Ал криминал эмес, моралдык гана маселе. Мында негизги маселе, өлкөбүздө чыныгы мыйзамдуулук өкүм сүрүп, ар кандай жалаалар менен куугунтукталгандардын иштеринин кайра карала тургандыгында, алды карала баштагандыгында болууда. Азапта бир нече жылдап жаткандардын баары түрмөдөн чыгарылса, АША үчүн Кыргызстан биротоло тарып, бут койгонго жер калбай калышы да мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg