www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев кайсы түрмөгө которулат?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны №8 түзөтүү колониясына которууну суранды. Бул түрмө Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жайгашкан.

Буга чейин ал жакта мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да камакта кармалган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2019-жылдагы отчетуна ылайык, аталган мекеме 1969-жылы курулган.

Эң көп дегенде абакта 1000 адам кармалат. Мекеменин аймагында бир кабаттуу турак жай, эки кабаттуу беш турак үй жана үч кабаттуу имарат бар.

Абакта кыска мөөнөттүү жолугушуулар үчүн бир бөлмө жана узак убакытка жолугушуу үчүн сегиз бөлмө бар. Бөлмөлөрдө ашкана, даараткана, жуунучу жай, сыналгы жана кондиционер иштейт.

Мындан тышкары №8 абакта чач тарач, мончо жана кир жуучу жай жайгашкан. Мекемеде кесиптик окуу жай дагы бар. Ал жерден шыбакчы, электр ширетүүчү, электр адистиги жана башкалар боюнча билим алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости