www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев кетээрде УКМКны жоймокчу болгонун айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча сот уланууда. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге кээ бир иштерине өкүнөрүн билдирди.

Мен дайыма айтам: менин эң башкы катачылыгым – күч органдарына жана сот органдарына ашыкча ишенгеним. Кээде бул улуттук коопсуздук комитеттери коркунучка айланат.

Алар түздөн-түз милдеттери менен алектенбейт, бирок элди тыңчылык кылуу менен алектенет экен. Мен кеткенден кийин АКСти (Коррупцияга каршы кызмат. - ред), жадакалса УКМКны таркатып, тышкы чалгын кызматы менен антитеррордук борборду гана калтырайын дегем», - деди Алмазбек Атамбаев.

Белгилей кетсек, Атамбаев бийликте турган жылдары атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бир нече көп кабаттуу үйлөр курулуп, дарыгерлер менен мугалимдер үчүн бир дагы имарат курулган эмес.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Буга кошо жайында ага түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген, ошондой эле 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости