www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-августта социалдык тармак аркылуу 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады.
Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.
Ал кыргыз бийлигине Рим статутун ратификациялоону жана ишти Гаагага өткөрүп берүү сунушун киргизгенин, бирок ага жооп болбогонун билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жазды. Бул анын расмий баракчасы экенин мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев ырастады.
“Мурдагы президент катары билем: кээде мамлекет башчынын өзүн да ар кандай себептер менен айрым жооптуу кызматкерлер адаштырып коюшу мүмкүн. Президент Жапаров айыпталуучуларды коргогон тараптын жүйөлөрүн жана далилдерин карап чыгып, адилет чечим кабыл алууга убакыт табат деп үмүт кылып турам. Анткени бул уят өкүмдүн жоопкерчилиги эми Жээнбековдо эмес, түздөн-түз анын өзүндө калат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.
Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан.