www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Бишкекте Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын кезектеги жыйыны өтөт. Кызматтан кеткен Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидери боло турганы жыйынга чейин эки ай мурун эле айтылып жүргөн. Эӊ эле кызыгы, КСДПнын төрагасынын орду Кыргызстандын кыйраткыч башкаруучуларынын бири катары тарыхта кала турган Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мезгилинде бош эле турду. 

Чындап келгенде, канчалык аракет кылганы менен КСДП эчак эле элдин кызыкчылыгын ойлогон партия болуудан калган. 2010-жылдагы революциялык толкундан улам пайда болгон Кыргызстандын социал-демократтар партиясы Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен тоногучтардын жана коррупционерлердин тобуна айланган. Эл өзүнүн тагдырын ишенип тапшырган партия элдин ишеничин актаганды мындай коелу, дүйнө элинин алдында чөгөлөтүп берди. Себеби, эки колу теӊ таза эмес Алмазбек Атамбаевдин авторитардык башкаруусу болду.

Мунун башы байлыгы миллиард долларга бааланган Алмазбек Атамбаевдин Фрунзе(Бишкек) шаарынын Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан кетип, кооператорго айланып, «Форум» деп аталган  илимий-өндүрүштүк фирмасын негиздеп, байый баштаган мезгилине туура келет.

Кыргыз журналисттеринин арасында А. Атамбаев жетектеген бул  жасалма контора Аскар Акаевдин коррупциялык Өкмөтүнүн учурунда мамлекеттин бюджетинен акча уурдоо максатында түзүлгөндүгү тууралуу пикирлер айтылып келет. Кыязы, ушундан улам «Форум» фирмасы он жылга жетпеген убакытта ири холдингке айланса керек.

90-жылдардын акырында «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасына:«Кыргызавтомаш» акционердик коому, «Агромаш»  жана «Электротехник», кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары жана Турциядагы бир катар кымбат баалуу мейманканалар кирген. 2004-жылы «Форум» «Кыргызавтомаш» корпорациясы деп аты-жөнү  өзгөртүлгөн.

Кызыгы, Алмазбек Атамбаевдин өзү миллиарддаган байлыгын китеп басып чыгаруудан тапканын айтып келет. Бирок, типографиялык ишмердүүлүк менен ири өндүрүштүк ишканаларды жана Жер Ортолук деӊизинин айланасындагы беш жылдыздуу мейманканаларды сатып алуу мүмкүн эмес экендиги белгилүү эмеспи. 

Мисалга алсак, Кыргызстандагы «Тяжэлектромаш» машина куруу комбинатын менчиктештирип алуу мүмкүн. Криминалдык  баюунун мындай элементи эӊ эле жөнөкөй: АКШнын ондогон миллион доллар турган «Тяжэлектромаш» ишканасы  миллион сомго жетпеген сиволикалуу  акчага сатылып алынып, кийин банкротко түшүрүлгөн. Ушундай эле абалды Кыргызстандагы башка ишканалары дагы баштан кечирип, арзыбаган баага менчиктештирилип, жумушчулары иштен айдалып, кымбат баалуу жабдуулар чет элге металлолом катары сатылып кеткен. Ошентип, Алмазбек Атамбаев жана компаниясынын айынан Кыргызстан индустриялдык өлкө болуудан калган.

Элдин байлыгын уурдап байыган Алмазбек Атамбаев кийин Кыргызстандын биринчи адамы болууну көздөгөн. Ушундан улам  90-жылдардын акырында  - 2000-жылдардын башында  Алмазбек Атамбаев өзүнүн жакшы санаалаштарын сатып, оппозицияга кетип, КСДП партиясын түзгөн.  Тагыраагы, ал кезде Атамбаев аракет кылуудан мурун байкоочу болуп турган. Убада берип, бирок аны аткарбай койгон акылын өркүндөткөн. Ошентип отуруп, 2010-жылы А. Атамбаевдин өзү окко төшүн тозуп, желек булгалап жүргөн эмес. Болгону үйүндө отуруп, кымбат коньяктан ууртап-татып коюп, канга чыланган балдар качан жеӊиш алып берет деп күтүп отурган. Ал күндөрү 84 эр-азамат окко учуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышкандыгы белгилүү. Элге тарап кеткен кайсы бир маегинде  «бир короо койду кыргынга салып бергенин» мактанган жайы бар. 

«Жоогазын революциясындагы» кандуу окуялардын артында так ушул Алмазбек Атамбаев тургандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Интернет айдыӊынан Алмазбек Атамбаев менен Кадыржан Батыровдун Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаӊжал уюштуруунун схемасын талкуулаган телефондук сүйлөшүүлөрүн табууга болот. Тактап айтканда, А. Атамбаев К. Батыровду курал менен камсыз кылууга убада берип, «Беш-алты келесоонун өлүмү эч нерсе чечпейт. Туугандары жоктоп басылат. Биз аларга кийин компенсация төлөп берип тынчтандырабыз» дейт. Кыргызстандыктар президент кылып шайлап алган адам кыргыз элин «келесоолор» деп атайт. Ошол себептен, Алмазбек Атамбаевдин бардык өзүнүн башкаруу жылдарында өлкөнүн, жөнөкөй элдин кызыкчылыгы менен эсептешпестен кыргыз элине мал сыяктуу мамиле жасап келди. Ал 50 миӊден ашуун кыргызстандыктарды ишсиз калтырып,      өлкөнү талкалап, сатып, керек болсо чет элдик кредиттер менен 50 жылдык төлөмөр кылып таштап кетти.  А.Атамбаев 90-жылдары жүздөгөн  кыргызстандыктарды нансыз калтырып, завод менен фабрикаларды талкалап, тезирээк баюунун пайдасын көрүп, бизнести башкарып келсе,   2011-2017-жылдары так эле ушундай жол менен өлкөнү башкарды. Анткени, ал үчүн акча менен бийлик артык эле.

Өзүнүн президенттик мөөнөтүндө Алмазбек  Атамбаев ага чейинки президенттер  жыйырма  жылда жасабаган ишти жасап, кыргыз экономикасы менен анын флагманы болгон электр энергетикасын талкалады.  Алгачкы жолу  Кыргызстандан экспортердон импортерге айланды.      

Атамбаев сырттан келген миллирддаган доллар кредиттерди тармакка салымыш эткени  менен ошонун жок дегенде жарымын «ыраазылык ирээтинде »чөнтөгүнө солоп алды. 

Эми анын алдым-жуттумдугу үчүн карапайым кыргыз эли төлөмөр болуп, электр акысы кымбаттап, ишканалардын жаӊы кожоюндары түшкөн кирешени  өнүтүрүүгө жумшагандын ордуна талап-тоноонун аракетин көрүшүүдө. 

Атамбаевдин башкаруу мезгилинде токтоп калбаган бир дагы экономиканын тармагы калган эмес. Республиканын тамак-аш коопсуздугу кароосуз калды.  Калкынын саны азайгандыгына карабай (көпчүлүгү мигранттар), Кыргызстан өзүн дан менен камсыз кыла албай Россия менен Казакстандан жардам суроого аргасыз.  Эске салсак, Манастын мекени мындан он жыл мурун өзүн гана эмес, өзгөлөрдү дагы, тактап айтканда түндүк коӊшуларды дагы камсыз кылып келгендиги белгилүү. 

Кыргызстандын тигүү тармагы Кытайдан контрабандалык жол менен ташылып келген ширпотребден улам талкаланууга дуушар болду. Атасынын «амири» менен экс-президенттин биринчи аялынын кыздары өлкөнүн ири фабрикаларын сатып алып, учурда кытайдын кийим-кечесине жергиликтүү этикетканы чаптап саттырышууда, ал эми ата мекендик өӊдүрүш жок калды.

Атамбаевдин башкаруу мезгили өлкөнү болуп көрбөгөндөй карызга батырды: өлкөнүн сырткы карызы 2010-жылга салыштырмалуу эки эссе көбөйүп, ИДПнын 60 пайызын түздү.

2010-жылы өлкөнүн 2 млрд. АКШ доллар карызы бар болсо, А. Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунан кийин  4,5 млрд. АКШ доллары  же  309,971 млрд. сомго чыкты!  Бул Кыргызстандын жылдык бюджетинен эки эсеге көп! Республиканын ар бир жараны ар кандай эл аралык каржы уюмдарына жана мамлекеттерге   51,5 млн. сом карыз! Муну менен катар өлкөдө орточо айлык 15 миӊ сом!  Тактап айтканда, ар бир кыргызстандык өлкө карызынан кутулуш үчүн   286 жыл «ит бекер» иштеп бериши керек болот.   

Атамбаев өлкөнүн тарыхында мамлекеттин экономиасын талкалоочу гана эмес, жүрүш-турушу шек жараткан саясатчы катары дагы калды.  Расмий иш-чараларда ал өзүнүн кадимки мас абалында келип катышып турду.

Азмазбек Атамбаев  аракечтик жана баӊгинин жеӊил түрүнө 80-жылдары жогорку катардагы чиновник боло элек мезгилинде үйрөнгөн.    Анын  биринчи жубайы менен ажырашуусуна так ушул себеп болгондугун айтып жүрүшөт.  Аракечтик жана баӊгилик өзүнүн кадимки мыйзам ченемдүү жыйынтыгын берип,  Алмазбек Атамбаев  президенттик кызматына чейин «шизофрения»  диагнозу менен психиатриялык ооруканага көп жолу жаткан (кийин ал муну жашырып жүрүп өттү). Баса,  Атамбаевдин «бир стакан сууга ууланган» кийин  «үч күн эсин жоготкон» окуясы деле ушундай жөөлүгөн окуялардын бири.

А.Атамбаев бардык президенттик башкаруу жылдарында ар бир эки айда бир жумадан Турциянын наркологиялык клиникаларына барып, ал жактан туруктуу кардарын, жумалап ичкен абалынан оӊдоп, эсине келтирип  жиберишчү.Экс-президенттин айланасы бир жыл мурун Бишкектин үстүнөн Кытайдан Атамбаевге таандык  контрабандалык жүктү алып келе жаткан Турциянын Боинг самолету кулаганда анын адатынча эки жума ичип кеткенин айтышат.

Учурда ушинтип бардык жагынан чирип бүткөн чиновник Кыргызстандын саясый туу чокусуна кайрадан кайтып келүүнү самоодо. Эгер Алмазбек Атамбаев КСДПнын расмий лидери болуп шайланса, партияны таптакыр коррупция менен уурулардын очогуна айланышына шарт түзүлөт.  Бийликте калууга жанталашкан, ушундай чирип бүткөн партиянын лидеринин кереги барбы?   

Эгер партияда сергек ой жүгүрткөн, Кыргызстан-ичип-жегичтердин ордосу эмес экендигин түшүнгөн патриоттор калган болсо албетте жок… 

Жертыңшаар Мамытов

Булак: Политика.кж

 

 

 

 

Последние новости