www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Россия Федерациясынын  Москва шаарына келди.

Аэропорттогу расмий жолугушуунун аземинде  Ардактуу кароолдун ротасы тизилип турду, оркестр эки  өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду, эки өлкөнүн туулары илинди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Тарагасы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ошондой эле Башкырстан Республикасынын башчысы  Рустэм Хамитов  менен Уфа шаарында  жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен Казан шаарында  жолугушат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынын алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө  бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу  болжолдонууда деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости