www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев: Мен көп ката кетирдим

Алмазбек Атамбаев “Новые лица” басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаева менен болгон маегинде учурдагы бийлик тууралуу пикирин билдирди.

"Бийлик эмнеден коркот" деген суроого Атамбаев “алар чындыктан коркушат” деп жооп берди. Ал президент катары көп ката кетиргенин мойнуна алды.

Ошондой эле ал Кыргызстанда адилеттүүлүккө ишенесизби деген суроого мурдагы мамлекет башчы аны бийликтен күтпөгөнүн мойнуна алды. «Бирок алардын циркке окшош сотторунан тышкары, тарыхтын, элдин соту бар. Бул башкысы. Акыры чындык жеңет. Убакыт баарын өз ордуна коет”, - деп эсептейт Алмазбек Атамбаев.

Ал ден соолугу тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, Улуттук кардиология борборунун дарыгерлеринин корутундусуна ылайык, айрым текшерүүлөрдү жана операцияларды чет өлкөдө гана жасоого болот.

Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровго кеңеш берүүдөн баш тартып, “кеңеш аны угууга даяр болгондорго берилет” деп баса белгиледи. Ал эми бүгүнкү күндө өкмөт башка экс-президенттердин кеңешин угаарын айтып бирок, ким экенин так айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости