www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев сотко онлайн катышуудан баш тартты

Бүгүн, 4-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланышкан отурум уланды. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылып жатат.

Отурумга президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жеткирилди.

Катчынын маалыматы боюнча, Атамбаев сотко жеткирилген жок. Сот анын арызын окуп берди.

Анда: «Мен жана жактоочуларым бул чечим мыйзамсыз деп эсептегендиктен онлайн сотко катышуудан баш тартам», - деп айтылат.

Жыйынтыгында отурум 6-октябрга калтырылды.

Атамбаевдин үстүнөн 3 кылмыш иши козголуп, алар бир өндүрүшкө бириктирилген. Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкесин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон баш аламандыкты уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат.

Бардык эпизоддор боюнча бир катар айыпталуучулар бар. Алардын ичинде: Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодураңова, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шадиев, борбор калаанын мурунку мэри Албек Ибраимов, ИИМдин мурунку жетекчиси Абдылда Суранчиев жана башкалар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости