www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асел Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын аныктады. Иликтөөдө келишимге дагы эки олигархтын тиешеси бар экени айтылат.

Белгилей кетсек, 3-октябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген.

Асел Курманбаева жана «Улут лидери» жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган эмес. Анын Назарбаевдин «токолу» экени жөнүндө маалымат «Мисс Казакстан» сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилешкен.

OCCRP билдиргендей, Курманбаева — Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирмалар менен фонддордун ээси.

Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий берген эмес.

«Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жазгандай, бул келишимге экс-президентке жакын Владимир Ни жана Владимир Ким аттуу олигархтардын тиешеси болгон.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

Эске салсак, 2016-жылы «Панама кагаздары» долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости