www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швейцариянын Женева шаарында Кыргызстан менен канадалык «Центерра голд» компаниясы ортосундагы сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду болуп өттү.
Бул сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жетектеп барды. Андан сырткары бул курамга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, «Кумтөрдү» сырттан башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк жана башкы прокурор Курманкул Зулушевдер кирди. Канадалык делегациянын башында «Центерра голддун» аткаруучу директору жана президенти Скотт Перри болду.
Бул жолугушуунун аки-чүкүсү ачыкталбайт, бирок ММКда жарыяланган маалыматтарга караганда, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы биз үчүн жемиштүү болду деп айтылууда.
Бул жолугушуунун маңызы эмнеде? «Кумтөр» маселесин чечүү үчүн президенттикке келген Садыр Жапаров канадалыктардын айласын курутту.
«Центерра голд» Кыргызстанда 2004-жылдан бери иштеп, ал аралыкта иш жүзүндө президенттер менен өкмөттү чарк имерип башкарган.
Мурунку мамлекет башчыларынын бири да КР кызыкчылыгын коргоону каалаган эмес. Алардын баары жеке кызыкчылыгы үчүн мекенди сатышкан. Андан мурунку президенттер эмнени утушкандарын биз азыр аныгын биле элекпиз. Бирок биздин өлкө канча зыян тартканы белгилүү.
Кыргызстандын ар бир жаңы келген президенти «Кумтөр» боюнча укмуштуудай ишмердүүлүктүн түрүн көрсөтүшкөн: мамлекеттик комиссия иштей баштаган, парламент чуу чыгарган. Акыр-аягы келип эле биздин өкмөт «Центерра голддун» айтканына көнүп, канадалыктар болсо экосистеманы жырткычтык менен талкалап, алтын казууну уланта берген.
Белгилей кетүүчү нерсе, мурунку калп эле териштирүүлөр азыркыдай тереңге кеткен эмес. Азыркыдай өз чындыгына турган эмес.
«Центеррага» жан тарткан сайттар дүйнөлүк алтын менен камсыздоочулар тизмесинен Кыргызстан чийилгендигин, Нью-Йорк сотунун чечими менен «Кумтөргө» дел
ген жабдуулар камсыздоочу тарапка кайтарылгандыгын жанталаша жазып киришти. Бул эки билдирүү менен алар Кыргызстан канадалыктарга утулду дегенди айтып жатышты. Алтынды эч жакка сата албайбыз, логистиканы колго ала албайбыз, демек «Кумтөр» жабылат деп какшашты.Коомчулукка канадалыктар баары бир утат деген ойду зордоп таңуулады. Эгерде чындап эле иш жүзүндө алар утчу болсо, анда эч качан Кыргызстан менен сүйлөшүүлөргө бармак эмес. Соттун чечимин гана күтүп баарын алып коюшмак.
Женевадагы жолугушуу канадалык компаниянын бурчка такалып, айласы куруганынын белгиси.Булак: NazarNews.kg