www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент өз элин ойлогон үчүн мурдакыларга окшоп электро энергияны 5 сомдон албай, 2 сомдон алып жатканына рахмат айтышыбыз керек», - деди бүгүн, 4-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Бакыт Жумагулов.

«Президент Садыр Жапаров суу маселеси боюнча «кошуна өлкөлөрдү да ойлошубуз керек» деди. Аны түшүнбөгөндөр да бар экен. Кошуналарга суу бербей эле кыштан чыксак болбойбу дегендер четтен чыкты. Жок, болбойт деп айтат элем.

Анткени кошуна өлкөлөр менен эриш-аркак иш кылбасак, жалгыз эле суубуз менен жашап кете албайбыз. Ошол эле кошуна өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен биз буудай, ун жана башка тамак-аштарды илгертен бери алып турабыз.

Сатып да алабыз, гумжардам катары да алып келе жатабыз. Ошол суубузду бергенибиз үчүн алар бизге буудай менен унду грант түрүндө да берип келе жатат. Анткени, тилекке каршы, биз буудай, ун, газ, мунай менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз.

Мисалы, быйыл эле Казакстан 10 миң тонна унду грант түрүндө берди.

Мындан тышкары, биз эки өлкө аркылуу транзит менен дүйнөлүк рынокко чыгабыз. Соода-сатык, карым-катнаштарыбыз дагы тыгыз байланышкан. Ошол үчүн чолок акылдык кылып, президент кошуналарды коюп, өз элин ойлосун дегендерге, мурдунун учунан алысты көрө албагандарга тиешелүү айтып жатам.

Президент өз элин ойлогон үчүн мурдакыларга окшоп электр энергиянын бир киловатт-саатын 5 сомдон албай, 2 сомдон алып жатканына рахмат айтышыбыз керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости