www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңеш депутаттары ошол күнү кайтыш болгондордун жакындары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын ушул тапта эскерүүдө. Алгач курман болгондорго куран окутулуп, андан кийин мамлекет башчысы эч кандай сөз сүйлөбөгөндүгүн эскерүү аземинин катышуучулары билдирди.
“Алмазбек Атамбаев келди. Курман болгондорго куран окутулуп, каза болгондорго гүлчамбарлар коюп эле кетип калды”, - дейт эскерүү аземинин катышуучусу.
Бүгүнкү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын куран окутууга миңге чукул адам катышкан.
Эске сала кетсек, бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларына 2010-жылы 7-апрелде кайтыш болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.
Булак: NasarNews.kg