www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрмөдө жатса да Алмазбек Атамбаев командасын саясаттан сырткары таштабай, Бишкек шаардык жана жергиликтүү кеңештерге Социал-демократтарды катыштырды. Лидери Темирлан Султанбеков бараандуу саясатчылар менен теңтайлашып, «тиш салышып» келе жатат. Бул көрсөткүчтөрдү чоң күрөшкө карай машыгуу катары баамдасак болот.

Ал эми Атамбаевдин башкы максаты - кайрадан реванш алуу, Сапар Исаковду же өзүнө ыңгайлуу лидерди түртүү менен бийликти чеңгелдөөбү? Дал ушул жагынан ачыкка чыкпаган божомолдорду жакында айгинелейбиз.

Соңку убакта түрмөдөгү экс-президенттин абалын сурагандар, сыйлуу тамактарды киргизгендер, жашыруун түрдө салам айткандар көп экен. Саясатчылар байма-бай каттап турганы да айтылууда.

Атамбаевдин ден-соолугу гана ойдогудай эмес, калган жагы, духу, күрөшчүлдүгү, авантюрасы баштагыдан да бышып жегилгени ырас. Мындай шартта аны эркиндикке чыгарып койсо, көп балээден бийлик төбөлдөрү кутулушат беле? Канчалык камакта көп кармаса, ошончолук баш ооруну жаратары бышык.

Булак: Азия News гезити

Последние новости