www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев жубайы жана балдары менен жолугушууну суранат. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, өтүнүч судьяга берилген, азырынча карала элек.

“Менин кардарымдын ден-соолугунун абалына келсек, бул дагы деле тынчсызданууну туудурат. Бирок мурунку мамлекет башчы сот отурумдарына катышуудан баш тарткан жок” – дейт адвокат.

Ал кошумчалагандай, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча акыркы соттук отурумунда, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби бөлүмүнүн мурунку башчысы Марат Бекеновду суракка алуу башталган.

“Ал ошол убакта премьер-министрлик кызматты ээлеп турган. Бекенов айткандай, ага бардык буйруктар оозеки берилген. Жазуу жүзүндөгү көрсөтмө жок болгон” – деп белгиледи адвокат.

“Күбөнүн айтымында, Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу максатында атайын операцияны жүргүзүү тууралуу буйрукту Атамбаев эмес, Шамиль Атаханов берген” – деп кошумчалады адвокат.

Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иши боюнча, анын ичнен Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости