www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм тарабынан түзүлгөн, климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөт аралык эксперттердин тобу белгилейт: "Учурдагы атмосферадагы парник газдарынын концентрациясы жана анын өсүшүнүн ыктымалдуулугу уланып жаткандыгын эске алсак, бул жүз жылдыктын акырында орточо глобалдык температура 1990-жылдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1-2 градусга ысышы күтүлүүдө. Ал эми индустриалдык доорго чейинки көрсөткүч менен салыштырсак 1,5-2,5°С га жогорулайт. Океандардын ысышы жана муздардын эриши уланат. 

2065-жылга карата баалоодо, дүйнөлүк океандын деңгээли 24-30 см ге жогорулайт. Ал эми 86-2005-жылдарга салыштырмалуу 2100-жылга карата дүйнөлүк океандын деңгээли 40-63 см ге жогорулайт. Климаттын өзгөрүшүнүн көпчүлүк кесепеттери бир нече жүз жылдыктар бою сакталат. Ал эмес парник газдарынын чыгуусу толугу менен токтотулса дагы бул кесепет улана берет.

Мисалы, «Жасалма аң-сезим» фильминде Жердеги 22-кылымдагы кайгылуу, түрү суук келечек сүрөттөлөт; глобалдык ысуунун натыйжасында суунун астында калат, адамдардын төрөлүүсүнө чек киргизилет, андроид-роботтор өндүрүлөт. Ал эми, 2000 жылдан кийин Жер, жүздөгөн метр муздардын астында калат, адамдар кырылып жок болушат, роботтор жогорку жөндөмдүүлүккө ээ болгон гуманоиддерге айланышат.

Ошондуктан калктын жана бийликтин ар башка деңгээлиндеги чечим чыгаруучу жеке жактардын климаттардын өзгөрүшү жана кесепеттер жөнүндө кабардар болушу боюнча дайыма иш-чараларды уюштуруп туруу маанилүү дагы, актуалдуу дагы болуп эсептелет. Адамзатка чакырык жасаган глобалдык ысуунун процесстери ынтымакка чакырат. Маанилүү маалыматты жайылтуу менен эле чектелбестен диалогго келиш керек Бийликтегилер, бизнесмендер, окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана калктар ортосунда кызматташуу талап кылынат. Бир максат менен бирге болуу керек, ал: климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялануунун инновациялык чечимдерин издөө.

Булак: NazarNews.org

Последние новости