www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 25-мартынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиби учурунда Бишкек шаары боюнча жалпысынан 80ден ашык жол кырсыгы катталса, анын 20сы велосипед айдоочулардын катышуусу менен болгондугу аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Киргизилген тартиптин чектөөлөрүндө жөнү жок унаа менен жүрүүгө чектөө киргизилгендигине байланыштуу жарандар велосипед менен жүрүүнү ылайыкташкан.

Ошол эле, учурда велосипед айдоочулар дагы, коопсуздугу үчүн жол кыймылынын эрежелеринде жазылган талаптарды аткаруу керектигинин айрымдары эске алган эмес.

Башкача айтканда, мунун баары велосипед айдаган жарандардын жол коопсуздук эрежелерин так сактабагандыгынан келип чыгууда.

Ошондуктан, Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жарандарды велосипед менен жүрүүдө жол эрежесинде жазылган талаптарды аткарууга чакырат: - бир колу эмес, сөссүз эки колу менен велосипедти башкарууга; - жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоого; - велосипед менен кошумча жүк ташыбоого; - жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедтен түшүп жетелеп өтүүнү; -түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууга; Жол жээги менен велосипед башкарууда унааларга карама-каршы багытта жүрүүгө жана атайын велосипед айдоочулары үчүн салынган жолдордо жүрүүнү сунуштайт.

Азыркы учурда, милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы кырдаалга байланыштуу велосипед айдоочуларга карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жатканын эске салат. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости