www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн басма сөз кызматы кечээ, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөгүнгөнүнө байланыштуу жергиликтүү булактардын бирине комментарий берди.

-Мындайга кимдер гана туш болбойт, ал деле адам да, -деп айткан маалымат кызматы.

Эске салсак, ЖКда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген министрлер кабинетинин мүчөлөрү 2019-жылга карата жылдык отчет берип жатышкан. Эл өкүлү Альфия Самигуллина өкмөт башчысынан отчеттук мезгилдеги жашоо деңгээлин жогорулатууга жана калктын социалдык жактан алсыз топторунун абалын жакшыртууга багытталган социалдык өнүгүү саясаты жөнүндө сураган.

"Демек, сиз өзүңүздүн милдеттериңизди аткара албай жатасызбы?" , - деп Самигуллина премьер-министрге кайрылган.

Премьер-министр өзүнүн отчетундагы суроого жооп издеп жатканда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жардам берүүнү чечип, бир нерселерди айта баштады. Шаштысы кеткен Абылгазиевдин кокусунан оозунан чыгып кеткен "энеңди урайын" деген сөзүн жыйындар бөлмөсүндөгү адамдардын бардыгы угушкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости