www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган  Уран Рыскулов менен коомчулуктун көңүл борборунда турган айрым маселелердин алкагында баарлаштык

--Уран мырза, Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн финполиция иликтеп баштаса да, ал Куранды жөн эле кармамак эмес деп анын  имиштерде айтылгандай байлыгы жок дегендер чыга баштады. Ишенсек болобу?

--Болот. Кубанычбек Жумалиевдин куранды кармап сөз бергенинде кандайдыр бир чындык бар. Ага байлыктарды ошончо өлчөмдө  ээлеп алууга  Майрам эжебиз жол бермек эмес. Тагыраагы, ал байлыктар Жумалиевдики эмес, Майрам Акаеваныкы болушу мүмкүн. Себеби, Акаевдер байлыгынын көбүн жөн гана ишенимдүү лаборантка жаздырып коюшса керек деген ойдомун.  Финпол тарабынан Жумалиевдин мүлкүн текшерүүгө алынышы бийликтин эң митайымдуу бирок, туура жолу деп ойлойм. Бийлик калкалаган адамдарга туш тараптан чабуул башталганда мына ушундай ыкманы колдонуп, өз адамдарын калкалап, элди башка адамдар менен алек кылып коёт. Аны түшүнбөгөндөр Сыймыктын кайрылуусунан кийин иликтөө башталды деп кудуңдап жатышат. Чынында Сыймык болбосо башка бирөөнү деле табышмак.

--Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши козголгону чындыкты айткан кишини төө бастыга алганга барабар иш болду деп жатышат го?..

--Сыймык Жапыкеев мүмкүн билип,  мүмкүн билбей кимдир бирөөнүн камчысын чаап алды. Сыймыкты азырынча камашпайт. Бирок Жумалиевди дагы камашпайт. Анткени, ал майда-чүйдө киши эмес. Ал дагы бийлик менен ымалаш. Жумалиевди сооротуш үчүн Сыймыкка да кылмыш ишин ачууга мажбур болушту. Тагыраагы, мышык чычкан ойноп жүрө беришет. Элге дагы сөз кылганга жакшы эрмек табылды. Чоң казатка дагы жакшы болду. Интернеттеги ар бир видеолоруна он миңдеген лайктар басылды деп өздөрүнө өздөрү  ыраазы болуп отура беришет.

Негизи Жумалиевге окшогон бизнесмендер саясий-экономикалык кырдаалдын кесепетинен баары бир капаска түшүп калышты. Эми түрдүү амалдар менен бирин бири жей башташат. Анткени алар ошондой жашоонун принциптерин тандап алышкан.

--Коомчулуктун талкуусуна түшүп жаткан “Чоң казаттын” аракеттеринен майнап чыгабы, алардын жасап аткан иши туурабы?

--Туура эмес. Баягы эле ар бир кыргызга маалым чакырыктардан, проблемалардан өйдө боло албай жатышат. “Тигини куздуруш керек, муну камаш керек” деп. Андай чакырыктарга мен ишенбей калгам. Ал мектептен эки революциянын сабагы менен өткөнбүз. Ошол эле Акаевди, Бакиевди бийликтен түшүргөндөр так  ушундай  сценарий менен кетишкен. Бийликти жамандоо менен алек болушкан. Эмки жаңы муундун жаштары мына ушундай карама каршылыктан качыш керек. Ушуга окшош жагдай боюнча бир окуя  бар. Ошону мисал келтире кетейин. Көчөдө 1917-жыл. Аристократ баласына “көчөдө эмне ызы-чуу карап келчи” дейт. Баласы "ата, көчөдө байлар жоголсун-деп кыйкырып жатышат"- дейт. "Аа балам, анда алардын аракетинен эч майнап чыкпайт. Сенин атаң кедейлер жок болсун -деп кыйкырчу дептир. Анысыгандай булардын аракетинен да майнап чыкпайт. Жөн гана элди алаксытуу. “Чоң казат” кошок кошкон аялга окшош. Баарыбыз билебиз маркумду тирилте албайсың. Бирок, эсибизге келип белди бекем бууп, жаңы жашоо баштаганга аракет кылыш керек.

--Неге вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек ара жабылса тажик тарап эмес, биз утулабыз деди?

--Анткени, ал жакта чоң акчалар ойнойт. Күйүүчү майдын контрабандасы, наркотрафик турганда чек араны жаап, маселени чечүүнүн жолун ойлошпойт. Ошондой эле чек ара такталбайт. Убакыттын өткөнү эле болбосо, маселе ачык бойдон эле тура берет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости