www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен иштешүү жеңил эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Анын жарыялаган билдирүүсүндө: «Кытай менен иштешүү жеңил эмес. Биз жакында эле соода келишимине кол койгонбуз. Анын сыясы кургай электе дүйнө жүзү Кытайдан чыккан илдеттен жабыркап отурат», — деп жазган.

Маалыматка ылайык, Трамп Кытай менен АКШнын ортосундагы соода келишимин кайрадан карап чыгуу ниети жок экенин билдирген. ЖМКлардын маалыматына караганда, Бээжин соода келишимин жокко чыгарып, COVID-19 пандемиясы шартында Вашингтон менен өзүнө пайдалуураак макулдашуу түзүүнү көздөп жатат.

Белгилей кетсек, АКШ менен Кытай соода келишимине быйыл январдын ортосунда кол коюшкан. Документте Кошмо Штаттардан Кытайга мунай, газ жана көмүр импортун 200 миллиард долларга көбөйтүү, ошондой эле кытай товарларына карата америкалык бажы алымдарын төмөндөтүү каралган.

Трамп коронавирустун жайылышы үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн Кытайга жүктөөдө. Ал вирус Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан болушу мүмкүндүгүн айтып келет. Кытай мындай божомолдорду четке кагууда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости