www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы июнь коогалаңында жакындарын жоготкондор кечээ, 13-майда Жогорку соттун мекемиесинин алдына чогулушуп, Азимжан Аскаровдун бошотулушуна каршы экендиктерин билдиришти. Алар "Канкор Азимжан Аскаров түрмөдө калышы керек" деп эсептешээрин маалымдашты. 

Мындан тышкары Нурбек Токтакунов, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова сыяктуу бейөкмөтчүлөр жыл сайын июнь-июль айларында ушул маселени көтөрүп жатышканына нараазычылыгын билдиришкен. 

Белгилей кетсек, 13-майда Кыргызстандын Жогорку Сотунда адвокаттардын кассациялык даттануусу боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген Жогорку Соттун сот коллегиясы төмөнкү инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды.

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана адам укуктары менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ал башаламандыкты уюштурган жана милиция кызматкеринин өлүмүнө катышкан деген шек менен кармалган. Бардык инстанциялардагы соттордун чечими боюнча ал 2010-жылдын июнь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кароого чакырган. Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2017-жылдын 24-январындагы чечим менен өмүр бою абак жазасына кесилген.


Булак: NazarNews.org

Последние новости