www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Токмок шаарында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө. Бул тууралуу Башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк тургундар алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алышса, айрым жарандар кабыл алынган эрежелерди сактабай ал тургай өспүрүм балдарынын коопсуздугуна да кам көрүшпөй жатышканы жок эмес.

Бүгүнкү күнү балдардын коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери аралыктан сабактарды окутууга өтүшсө, айрым мектеп курагандагы балдар сабактарга катышпай коомдук жайларда, техникалык тейлөө тармактарында, унаа жуучу жайларында иштеген учурлары да кездешүүдө.

Андыктан Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чарасын уюштурушуп, унаа жуучу жайларда, соода-сатык жайларда жана техникалык тейлөө жумуштарында иштеген балдар текшерилип, ондон ашык өспүрүм бала аныкталып, жаш өспүрүмдөр инспекторлору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан сырткары ата-энелерине жардамдашып иштеп жүргөн өспүрүмдөр да аныкталган.

Кызматкерлер ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, балдарды аралыктан өткөрүлүп жаткан сабактарга катыштырууга чакырышты.

Чүй облусунун ИИББы жарандарды өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого чакырып, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости