www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык мүлктү жана журналист Нарын Айып жашаган батирди сатыкка чыгарууну өтүнүп сотко кайрылды.

Экс-депутаттын жана журналисттин мүлкү боюнча арызды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Бишкектин Октябрь райондук сотуна жазган. Ал Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюп, анын эсебинен айыппулду төлөтүүнү сураган.

Доого жыгылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова буларга токтолду:

- Президенттин дооматы боюнча коюлган айыптарда биздин күнөөбүз жокэкенин биз сотто-рдо да, башка жыйындарда да толук далилдедик. Соттукпроцесстер Баш мыйзамды, башка мыйзамдарды бузуу менен өтүп, өкүм да мыйзамга каршы келген жагдайда чыкканын да

 тастыктадык. Ага карабай,биздин үстүбүздөн чыккан Жогорку соттун чечимин мыйзамды 

бузбаган киши катары аткаралы дедик. “Макул, айып пулду төлөп берели, маянабыздын 50%кармап калгыла” дедик. Бирок алар буга макул болбой, мүлкүбүздү тартыпалгысы келип жатышат. Демек булар башынан эле биздин күнөөбүз бар экениндалилдөөнү эмес, “бийликке каршы чыккандарды ушинтип сындырып коебуз” дегенди көрсөткүсү келген экен. Булар бизди психологиялык жактан сындырууменен башка журналисттерди жана жаранд-ык коомду да коркутуп, “бул өлкөдөбиз кожоюнбуз” дегенди демонстрация кылып жатышат.

Ал эми журналист Нарын Айыптын айтымында, ал жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгү гана өзүнө таандык, аны сатып жиберсе энеси да үйсүз калат.

- Биздин мүлктү сот башталганга чейин эле “биз утсак ушуну алабыз, кепилдик болуп турсун” деп камакка алышкан да. Эми ошону ишке ашырып, үйдү алабыз деп жатышат. Бирок ал үй негизи менин атамдын үйү. Мен чет өлкөдө иштеп жүрүп, кайра Бишкекке келгенимде ошол үйгө каттоого тургам. Ошондо үйдө энем, карындашым болуп үч адам катталган. Эми азыр ошонун үчтөн бирин алып, сатабыз деп жатат да. Аны сатса эч ким албайт, ошон үчүн өтө арзан сатышат го. Бир эле бөлүгүн эмес, үйдүн өзүн эле алып алышат го. Андан нары не болот, билбейм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости