www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевге Июнь окуясы боюнча айып коюлду

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевге Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен айып коюлууда.

«Угузулган айып оор кылмыштарга кирет. Кылмыш кодексинин нормаларына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирген учурда иш козгогонго болбойт. Бул кылмыш оор болсо 7 жылда жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетет. 2017-жылы мөөнөт өтүп кеткен. Ишти козоп, тергөө менен сотко өткөрүп эмне кылышат? Бул жагы түшүнүксүз болуп жатат»,-деди Жоошев.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган. Иштин алкагында президент Садыр Жапаров, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага сурак берген. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да суракка чакырылышкан.

Кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчы Бектур Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости