www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхайда карантиндик чектөөлөр алынды

31-майда Кытайдын Шанхай шаарында COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген эки айга созулган карантин алынды.

25 миллион калктуу финансылык борбордун жашоочуларына 1-июндан тарта үйүнөн чыгууга, жумушка барууга, коомдук транспорт колдонууга жана менчик машине айдоого уруксат берилди.

Эки ай бою маанилүү экономикалык хабдын тургундары тамак-ашка, медициналык тейлөөгө жете албай келген учурлар болгон. Бейтаптарды, арасында жашы жете элек балдарды жакындарынан ажыратып, күчтөп борборлоштурулган карантин жайларына алып кетип жатышты.

Шанхайлыктар коомдук жайларга кирүү же транспортко отуруу үчүн 72 саат сайын анализ тапшырып турушу керек. Мындай эреже Кытайдын бардык жерлеринде киргизилген. Коронавирус жукканы аныкталса, ал киши жана аны менен байланышта болгондор карантинге алынмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости