www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков акыркы учурда 103 жана 118 кызматына нааразылыктар көп болуп жатканына байланыштуу Бишкек шаарындагы “Тез жардам” борборунда кеңешме өткөрдү.

Тез жардам кызматынын жана мобилдик топтордун ишин күчөтүү тууралуу сөз болду. Баатырбеков "Тез жардам" бригадаларын көбөйтүү зарылчылыгын айтты:

«Коронавирус инфекциясын жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу учурда 103 жана 118 кызматына жарандардан кайрылуулар, ошол эле учурда нааразычылыктар да көп болуп жаткандыктан ыкчам түрдө Тез жардам кызматындагы бригадалардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле мобилдик топтордун иштөө алгоритмин карап чыгуу керек. Медициналык бригадаларды кадрлар менен камсыз кылууну Саламаттык сактоо министрлиги уюштурсун», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Көчмө жыйындын соңунда Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаарынын Тез жардам кызматына дагы 20дан ашык бригада кошуу тапшырмасын берип, мамлекеттик органдарга атайын унааларын “Тез жардам” кызматына пайдаланууга берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу ыкчам штаб маалымдады.

Бишкек шаарында Тез жардам кызматына, ооруканалардын кабылдамаларына нааразылыктар күн санап өсүүдө. 26-июнь күнү өпкөсү кагынган 50 жаштагы адамды бир да бейтапкана албай койгондуктан оорукананын алдында жан берген.

27-июнда бир суткада коронавирус жуктурган 309 адам катталган. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

28-июнда COVID-19 жуктурган 235 адам жаңы катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости