www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев студенттерди 17-ноябрь - студенттер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билим берүү жана илим министри Бейшеналиевдин куттуктоо сөзү:

“Урматтуу студенттер, жалындуу жаштар!

Эзелтен элибиз “Акыл-жаштан, асыл-таштан”, “Жаш келсе ишке, кары келсе-ашка” деген накыл кептерди бекеринен айтып келбесе керек. Ошондуктан бүгүнкү күндө жаштар бир эле үй-бүлөнүн эмес, жалпы элдин, мамлекеттин күч-кубаты, келечегине айланганы чындык.

Эгемен өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, маданий тармактарынын өнүгүшүнө жаштарыбыздын азыркы учурда кошкон салымы өтө зор. Алардын саясий активдүүлүгү да коомдун демократиялык багытта өнүгүүсүнө чоң шарт түзгөнүн акыркы окуялар далилдей алды.

Бул окуялар бүгүнкү Кыргызстандын жаштарынын өлкөнүн азыркы абалына күйө турганын, чыныгы мекенчил экендигин көрсөтүп турат десем жаңылышпайм. Жаштар мамлекетибиздин өнүгүп өсүшүнө бардык күч аракетин жумшап жатат. Алар өлкөбүзгө кедергисин тийгизген бардык жат көрүнүштөргө кайдыгер карашпай, аларды жоюунун жолдорун издешип, ага каршы күрөшүп жатканы кубандырат.

Жаштар - элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи! Биз заманбап билимге эгедер, билимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз. Ылайым, эртеңки күндүн ээси болгон жаштардан улуттун жол баштоочулары, лидерлери көп чыксын деп тилек кылабыз.

Бар болуңуздар, ынтымакта бир болуңуздар, күрөшчүл жаштар!

Сиздерге ар дайым сабырдуулукту, чың ден соолукту, терең билимди каалайм!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости