www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура 2020-жылдын 10-ноябрында Ош облустук прокуратурасынын ардагери Раимжан Жакыпов 58 жашында мезгилсиз дүйнө салганын тереӊ өкүнүч кабарлайт.

Ал 1952-жылдын 26-июнунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында төрөлгөн.

1982-жылдын июнь айында кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Кийин 2008-жылдын 26-мартынан тартып Ош облустук прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктап келген.

Раимжан Жакыпов ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун жана орду толгус жоготуусун чогу бөлүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости