www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, Бейшеналиев 2021-жылдын июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп шайланган.
Ошол эле жылдын августунда Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дагы дайындалган.
Ага чейин 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген.
Булак: NazarNews.kg