www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК: Орусия Украинага башка күнү басып кирмей болду

Орусия 20-февралдан кийин Украинага басып кириши мүмкүн. Америкалык Politico басылмасы эксперттерге таянып, орус аскерлеринин басып кирүүсүнүн жаңы датасын атады.

Талдоочулардын баамында, мурда аталган дата «16-февраль көңүлдү негизги даталардан башка жакка бурган».

CNA аналитикалык борборунун орусиялык аскер эксперти Майкл Кофман: «20-февралдан кийинки убакыт ар дайым маанилүү болуп келген», - деди.

Гезит ошондой эле жарыяланган датага көңүл бурууга башка себептер бар экенин белгилеген, анткени дал ушул убакта Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катыша турган Мюнхен коопсуздук конференциясы аяктайт.

«Америкалык кадыр-барктуу адамдар Европада, ал эми Украинанын башчысы өлкөдөн тышта жүргөн маалда басып алууну баштоо абсолюттук басынтуу болушу мүмкүн - Путин жакшы көргөн геосаясий троллинг», - деп билдирди Politico.

Басылма ошондой эле 20-февраль Бээжин олимпиадасынын акыркы күнү болорун белгилеген. «Путин Кытай лидери Си Цзиньпинди кубантуу үчүн жабылуу аземине чейин басып кирбейт», - деп жыйынтыктады гезит.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын Евробиримдиктеги (ЕБ) туруктуу өкүлү Владимир Чижов шаршемби, 16-февралда Орусиянын Украинага ыктымал басып кириши тууралуу маалыматты четке какты.

«Кийинки аптада, же кийинки жумада же кийинки айда, ошондой эле эскалация күтүлбөйт. Европадагы согуштар шаршемби күнү чанда башталат», - деп ишендирди туруктуу өкүл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости