www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көздүн микрохирургиясы ооруканасынын директору Алмазбек Исманкулов Алымкадыр Бейшеналиевди сотко берди. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, сот 20-сентябрда болот.

«Исманкуловдун айтымында, мен аны таарынтып, атын жаманатты кылдым. Иш Ленин райондук сотунда каралат. Сотто ким жеңет, билбейм. Бирок, мен мамлекеттик имаратты кайтаруу үчүн баарын жасадым. Биз өзүбүздү коргойбуз», - деди ал.

Белгилей кетсек, Исманкуловдун клиникасынын тегерегиндеги чуу быйыл жазында башталган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылган.

Исманкулов Бишкектеги №6 оорукананын бир корпусун 25 жылдан бери ижара шартында пайдаланып келет. Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи жарымынын акчасы мэриянын өтүнүчү боюнча алдын ала төлөнгөн.

Быйыл март айынын башында мэрия келишимди бир тараптуу бузган. Исманкулов бул үчүн мэрияны сотко берген. Алгачкы сот отуруму ушул айдын соңуна белгиленген. 

Эске салсак, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-мартта ооруканага келип, ичине кирүүгө аракет кылган. Министр Исманкулов менен сүйлөшкөндө аны «лопух» деп атаган.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев азыр Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» борборунун жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости