www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Жалал-Абад облусунан президент Садыр Жапаровду жандап, он жагынан карыш жылбай жарыша басып, кээде ашып кетип, эл менен жолугушууга баратты. Кызык. Көзгө өөн эле учурады. Бул боюнча соцтармакта талкуу, сын-пикирлер жаралганына күбө болдук. Вице-премьер-министрлер Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев артта эле калып калышты. Бекмурзаевдин өзүнө өтө ишенгени, тим эле өкмөт башчыдай шерденгени көпкө узабады. Эртеси эле башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголуп, өзү болсо дароо ооруканага түштү. Жалакайын кара!

Ансыз да бул министр энергетикага болгон чексиз тарифди көтөргөнү, акырындык менен элдин жонунан кайыш тилүүгө баратканы жашыруун эмес. Мындай шартта президенттин жанынан чакчаңдап, атырыла басканы, өзүнүн ордун билбегени үчүн Ташиевдин каарына калганы ушулбу? Сыягы, жакында Доскул Бекмурзаев бар же жок болот сыңарындай...

Булак: Азия News гезити

Последние новости