www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көздүн микрохирургиясы ооруканасынын директору Алмазбек Исманкулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Эскерте кетсек, 12-февралда Октябрь райондук соту Исманкуловду 9-апрелге чейин СИЗО-1де камакта калтыруу чечимин чыгарган. Бирок, бүгүн, 14-февралда Алмазбек Исманкулов аталган райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.
Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу 10-февралда коррупцияга шектелип кармалган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишкек шаарындагы №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилбей турганына жана оорукана койкаларынын жетишсиздигине карабастан, атайылап бааланбай, мыйзамсыз ижарага берилген. Натыйжада мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген.
Булак: NazarNews.kg